Уйкуда жатып түш көрдүм, түшүмдө кызык иш көрдүм

Ишенесизби, ар бир адамдын өмүрүнүн үчтөн бир бөлүгү уйку менен өтөт. Жашоо жарышында күнүмдүк маселелер менен алышып жатып көп нерсеге жетишпей калганыбызга өкүнүп калган учурлар болот. Бирок, күндүзү шашып жүргөнүбүздү эске алсак, өмүрүбүздүн ушунча бөлүгүн уйку үчүн гана сарптаганыбыз бир эле маалда жөнөкөй да, таң калыштуу да, а балким, көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн да нерсе. Баасы алтынга тете убакыттын үчтөн бирин тук этип алууга арнаганыбыз бекеринен болбосо керек?

Түштү адам өзү жаратабы?
Уйку жана уйку учурундагы түштөр дүйнөнүн алдыңкы окумуштууларынын көңүлүн дайыма буруп, талаш-тартыш жаратып келген чоң тема. Эгер адамдын физиологиялык түзүлүшү ушунча көп убакытты уйку үчүн эле талап кылса, демек, адам уйку учурунда жөн гана эс алып, физикалык жана эмоционалдык күч топтобостон, өзгөчө маанилүү процессти башынан кечирсе керек деген ойлор изилдөөчүлөрдү жөн койгон эмес. Демек, уйку учурундагы түштөр да бизге абдан чоң мааниге ээ болгон маалыматтарды жеткириши толук мүмкүн.

Байыркы Мисирде уйкуну “кичи өлүм” деп аташчу. Чындыгында уктап жаткан адам өлүктү элестетет. Бардык органдардын иштеши, кандын жүгүрүүсү жайлап, белгилүү мезгил ичинде адам көнүмүш реалдуу жашоодон кыйла алыстап, түштөр дүйнөсүнө сапар алат. Түштөр дүйнөсү адамдын аң-сезиминен жаралган дүйнө.

Эмне үчүн түш көрөбүз?
Уйку учурундагы түштөр реалдуу жашоодогу көрүнүштөрдөн көз каранды. Адам күндүз башынан өткөн нерселерди уктап жаткан мезгилде кайрадан иштеп чыгат. Түшүңүздө Арктикада тоңуп жүргөн болсоңуз. Жөн гана жылуу жамынбай калганыңызды байкасаңыз керек. Же болбосо, дене мүчөлөрү басылып калган учурда да түшүңүзгө колу-бутуңуз байланган сыяктуу нерселер кириши ыктымал. Турмушта адамды капалантып, сарсанаа кылган же тескерисинче, кубаныч тартуулаган окуялар түшкө сөзсүз өз таасирин тийгизет. Окумуштуулар “эгер түштөр реалдуу жашоодон көз каранды болсо, демек, адам жадакалса уйку учурунда да аң-сезимин башкара алат”- деген натыйжа чыгарышкан.

Аян түштү баары эле көрө бербейт
Аян түш – өтө сейрек кездешүүчү көрүнүш. Жөнөкөй адам кадимки түш көрөт да, аны турмуштагы окуялар менен салыштырып, кээ бир учурда төп келишип калса: “Аа, демек, мен аян түш көргөн экенмин!”- деп сүйүнүшөт. Чыныгы аян түштөр бүт жашоосун толугу менен бир гана нерсеге арнаган өзгөчө адамдарга гана көрүнө турганын изилдөөлөр далилдеген. Бардык убактысын бир эле нерсеге жумшаган кишинин мээси уйку учурунда да кызмат кылууга көнө түшөт. Диний булактарда да аян түштөрдү миллиондогон адамдардын ичинен бир нече гана тандалган адамдар, пайгамбарлар гана көрүшкөн.   

Жакшы эс алып, сергек ойгонуу  үчүн......

Төшөк
Көптөгөн адамдар 20 жыл мурун алынган керебетте уктай беришет. Мүмкүнчүлүккө жараша 10 жыл сайын керебетти же болбосо матрацтарды алмаштырып турган дурус. Жаткан төшөк денеге гана ыңгайлуу болбостон, жагымдуу түштөрдүн жаралышына да жардам берет. Кенен төшөктө уктаган адамдар башкаларга караганда дени сак келээри далилденген. Себеби, жумшак жана чоң керебет омуртка сөөктөрү үчүн да, психологиялык эркиндик үчүн да пайдалуу.

Жаздык
Жапыз жаздыкка жатып көнгөнгө аракет кылыңыз. Жумшак жаздык баштын түзүлүшүн кайталап, моюндун астына жаздалса, эртең менен ойгонгондо башыңыз оорубай жеңил турасыз.

Кийим
Түнкү кийимдер жеңил болуп, дене “дем алып” туруусу зарыл. Пахтадан тигилген кийимдер эң ыңгайлуу.

Бөлмөдөгү температура
“Суук бөлмөдө уктаган жакшы” деген кептер эми илимде жалган болуп чыгууда. Уктоочу бөлмө ысык да, суук да болбошу керек. Кышында ысыткыч батареялар иштеп жатканда аба кургап кетпеш үчүн аларды ным майлык менен жаап коюу керек.

Тынчтык
Бөлмөдөгү тынчтык тынч уйку үчүн эң керектүү шарт. Өзгөчө жаш өспүрүмдөр катуу музыканы “бешик ырына” айлантып алышкан. Музыка менен уктаган кишинин уйкусу бекем болбой, эртеси күнү баш ооруга алып келет.

Уйкуңуз келсе, уктаңыз!
Ар бир адамдын бою, салмагы ар кандай болгон сыяктуу эле уктоо мезгили да ар түрдүү. Ошондуктан, “сөзсүз 8 саат укташ керек” деген пикир жаңылыш. Адам 24 саатта физиологиялык түзүлүшүнө жараша эң аз 3, эң көп 12 саат уктайт. Эң кызыктуусу ар бир адамдын уйкуга болгон мажбурлугу дайыма туруктуу. Эгер адам 4, эртең 12 саат уктаса деле бир айлык уктоо убактысы эч өзгөрбөйт. Окумуштуулар 6 сааттан  аз уктаган адамдарды “сергектер”, 9 сааттан көп уктагандарды “уйкучулар” деп шарттуу аташат. Бирок, сиздин аз же көп уктаганыңыз эч нерседен кабар бербейт.

Уйкучу адамдарды көп учурда “жалкоо” деп күнөөлөшөт. Бул туура эмес. Наполеон суткасына 4 гана саат уктаса, Энштейн 10 саатка чейин уктай берчү. Экөө тең тарыхта улуу адамдар болуп эсептелет. Ошондуктан, уйкуңуз келсе, сөзсүз уктаңыз. Болбосо көнгөн адатыңыздан калып, ден соолугуңуз бузулат.

Уйкуда басып-туруу
Илимде “сомнамбулизм”, элде “лунатизм” деп аталган бул оорунун себептерин илим али тактай элек. Сомнамбулизм дельта – түш (терең түш) менен уйку-соонун ортосунда пайда болгон көрүнүш. Мындай учурда адам бир эле убакта ойгоо да, уйкуда да болот. Көздөрү ачык абалда башка чөйрөдө жүргөн лунатикти ойготуп, жашоосуна кооптуу жагдайлардан сактоо керек.

Уйкуда сүйлөнүү
Уктап жатып түшүндө сүйлөнгөн адамга бул оору тукумунан жугушу мүмкүн. Терең уйкуда адам так, түшүнүктүү сүйлөйт. Ал эми жарым уйкулуу, жарым ойгоо кишинин тилин түшүнүү дээрлик мүмкүн эмес. Бул оору ээсине эмес, жанындагыларга зыянын тийгизет.

Бруксизм
Уктап жатып тишин кычыраткан тааныштарыңыз болсо керек. Уйкуда тиш кычыратуунун белгилери себепсиз. Алгач бул көрүнүштү “дааратканага чакырык”, “чүчөк оорусунун белгилери” деп аныктап, бирок, далилдей алышкан эмес. Түнкүсүн тишин чайнаган адам баары бир ооруканага көрүнүп коюусу пайдалуу. Себеби. Тиш кычыратуу олуттуу мээ ооруларынын, эпилепсиянын алгачкы белгилери же тишин сырткы эмалынын бузулушуна себеп болушу мүмкүн.

Комментарийлер