Айчүрөк Иманалиеванын уулу Арген инфаркттан улам каза болду

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жылдыз Осмоналиева фейсбук баракчасына Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айчүрөк Иманалиева жана анын жолдошу журналист Таалай Ороскуловду белгилеп, "Акыркы күндөрү өлүм-житимдер көбөйүп кетти. Арты кайрылуу болсун Айчүрөк Иманалиева, Таалай Ороскулов",- деп жазып чыккан.

Билдирүүнүн алдындагы "Эмне болду? Ким?" деген суроолорго ырчы "Арген" деп жазган.

Эске салсак, Арген Айчүрөк Иманалиеванын тун уулу, 35 жашта болчу. Ырчынын жакындарынын айтымында, Арген Иманалиев түндө инфаркттан улам каза болгон. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн болду. 

Комментарийлер

Бегай
Арты кайрылуу болсун
Айбек
жткан жери жайлуу болсун
Нур
Арты кайрылуу болсун. Мындайды энеге бербесин.
Аида
Арты кайырлуу болсун Кайрат кылыңыз
Бек
Арты кайырлуу болсун , ыйманы саламат болсун 🤲🤲🤲