Нарында катуу сабалган баланын апасы адилеттүүлүк издейт

Нарын облусунда 22 жаштагы жигит карындашын коргоого аракет кылып жатып, теңтуштары тарабынан катуу сабалган. Бул тууралуу  сабалган баланын апасы Калыгүл Саралаева жергиликүү маалымат каражаттарынын бирине билдирген. Анын айтымында, уулу катуу сабалганына карабастан, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы абалы анча оор эмес деп чыккан.

-   Коңшу айылдагы бир жигит кызыма эки-үч жолу келип, телефондон тынчын ала берген экен. Акыркы жолу келгенинде уулум аны менен сүйлөшкөн. Ошондон кийин ал бала 15 чакты баланы ээрчитип келип, сабатып салган. 15 жаштагы карындашын коргоп балдардан токмок жеди. Мен жесир аялмын. Балам үйдө жалгыз эркек. Нарындан Бишкекке оор акыбалда санавиация менен келдик. Томографияга түштүк. Анда баламдын бир жак бети, мурду жана 3 тиши сынган. Бирок Нарын облусунун соттук-медициналык экспертизасы анча оор эмес жаракаттарды алган деген чечим чыгарып салган. Биз кайра экспертизага жөнөттүк. Бирок кайра эле Нарындыкын тастыктап койду. Карга карганын көзүн чукубайт болду. Уулум ушул күнгө чейин Улуттук госпиталда дарыланып жатат. Температурасы 39.9 - 40 градуска чейин көтөрүлүп жатат. Уулумдун жана кызымдын укугун коргогон эч ким жок – деп билдирген апасы.

Комментарийлер