Съездбек ИСКЕНАЛИЕВ, ырчы: «БААРЫ МЕНИ “КЫЗЫЛ ГҮЛ” ДЕП ЭРКЕЛЕТИШЧҮ»

– Саламатсызбы Съездбек мырза. Бала кездеги негизги кыялдарыңыз кандай эле, орундалдыбы?

– Балалык кыялдарымдын бири ырчы болуу эле. Кыялым орундалды. Мен өзүмдү бактылуу адаммын деп эсептей алам. Себеби, мен тилим чыккандан баштап ырдадым. Үч жашымда магнитофонго сала турган аудио кассеталарда ырдап жаздырган ырларым азыр да сакталуу. Балким 80-90-жылдарда азыркыдай видео болгондо, тартылып сакталып калат беле. Мектепте окуп жүргөндө биринчи жолу сахнага бийлеп чыктым. Биздин бир чоң аталарыбыз биздин тукумдан да өнөр адамы чыкканы калды буюрса, деп аябай кубанышып, мага батасын бергени эсимден кетпейт. Мен да аябай кубангам. Бала болсом да чын эле тубаса чыгармачылык менин жан дүйнөмдө жашаарын сезсем керек. Балким ошол чоң атамдын батасы тийдиби деп да ойлойм. Кичинекей кезимде Айчүрөк Иманалиева эженин “Кызыл гүл” деген ыры аябай популярдуу болгон. Мен да ошол ырды ырдап чыгып “жылдыз” болгонмун. Апамдын жакшы санаалаштары, айылдагылардын баары мени “Кызыл гүл” деп эркелетишчү. 

– Канча балалуу болдуңуз? Жолуңузду улап, чыгармачылыктын жолуна түшкөнгө далалат кылган же таланттын учкундары билинген уул-кызыңыз барбы?

– Убакыт деген учкан куш экен. Кечээ эле Бишкекке келип студент болуп жүргөн жалындуу жаштык жылдарыбыз артта калып калды. Бирок чыгармачылык чөйрөдө улам изденип, улам ийгиликтерди жараткан адамдардын жашоосу, көңүлү жашарып, тазарып турат экен. Билинбей эле улуу кызым Даткайым 8-классты да, Шубин атындагы музыкалык мектептин комуз бөлүмүн да аяктап жатат. Андан кийинки уулум Байамир 4-классты бүтүп жатат. Ал уулумдун да өзүнүн бир өзгөчө таланттары бар. Талантына, жөндөмүнө жараша колубуздан келген жардамыбызды беребиз. Үчүнчү кызым Нагимам №67-мектепте 2-класста окуйт. Эң кенжетайым Аруужан эки жаштан өтүп калды. Эгерде балдарымдын бирөөсү чыгармачылыкка аттанам десе сөзсүз шарт түзүп берип, талаптарын аткарып колдойм. Мен чыгармачылыкка бала күнүмдөн аралаштым. Эч бир жаман жагын көргөн жокмун. Элдин көңүл борборунда, жакшылыктарда, элиңе кызмат кылып иштейсиң. Мен жеке жашоомдо да, чыгармачылыгымда да бактылуу адаммын. Колдогон элим, үйүмдө балдарымды багып, мени түшүнүп колдоп турган жубайым, уул-кыздарым бар. Энелер күнүндөгү майрамда мени ушул даражага жеткирген өзүмдүн апама, балдарымдын апасына башымды ийип таазим кылам. Ар бир адамдын апасы узак-узак жашып бактылуу болушсун демекмин.

– Сизди актёр катары да таанып калдык. Бул тарабында чыгармачылыгыңыз кандай болуп жатат? Башкы ролду аткарууга сунуштар түшүп жатабы?

– 2005-2006-жылдары “Боз салкын” киносуна тартылгандан бери актёрдук да кесипти аркалап келем. “Боз салкын”, “Аманат”, “Карт бойдок”, “Беш миң сом” кинолорунда роль жараттым. Эрнис Абдыжапаров агай “Боз салкын” киносунун башкы каарманы Мураттын ролуна актёр издеп жүргөн экен. Клипмейкер Нурбек Айдаровдун сунушу менен тартылдым. Нурбекке, Эрнис агайга чоң рахмат айтам. Өзүм да байкабай, ачыла элек дагы бир өнөрүмдүн биринчи барагын башкы каармандын ролу менен ачып коюшту. Күйөрмандарым абдан көбөйдү. Өмүр бою актёр болуп иштеп жүрүп, башкы каармандын ролуна жетпей бул өмүрдөн өтүп кеткен деле актёрлор бар. Менин бактыма башкы роль Мураттын образын ачып, “Боз салкынкиносуКыргыз киносунун”, улуттук телерадио компаниянынАлтын фонддорундасакталып калды. Ошондой эле, башка ролдорду аткарганга жолум ачылып, элим мени ырчы гана эмес, актёр катары да кабыл алышты. Эгерде дагы да режиссёрлор башкы каармандын ролун аткарып берүүгө сунуш түшсө мен макул болуп аткарат элем. Актёрдук кесиптин бир жакшы жери жаш курак тандабайт экен. Эгер 80 жашка чыккан адамдын ролун сунуштап калса деле, аткара берет экенсиң.

Маектешкен Майрам Шарипова

Комментарийлер