Жер үстүндөгү коркунучтуу жерлер

Адам бул жашоого келгени не бир кызыктуу нерселерге туш болбой койбойт. Ошондой сырдуу жерлерди кыдырып, ар кандай окуяларга кабылганды каалаган адамдарыбыз да арабызда бар. Дүйнө жүзү нечендеген кызыктуу, коркунучтуу жерлерге бай эмеспи. Жер жүзүндөгү өзгөчө жана коркунучтуу жерлер тууралуу маалымат бере кетели.

Катакомб, Париж
Кимдер гана Парижге барып, бир жолу Эйфел мунарасына чыккысы келбейт. Азыркы жаштардын жакшы көргөн жери сүйүүнүн шаары Париж. Парижде жеке эле Эйфел мунарасы, Лувр, Монмартр көчөлөрү гана эмес, дагы бир сырдуу жер бар. Ал Катакомб жер төлөсү. Бул жер төлөөнүн узундугун эч ким билбейт, мурдагы замандарда курулган, кызыктуусу шаардын астында узун каридору бар. Мурунку заманда ушул жерлерден француз эли шаарды куруш үчүн таш казып ала беришип, өзүнчө бир каридор болуп төмөндөп, узарып кете берген. 18-кылымда маркумдарды көмгөнгө мүрзө калбай, ушул Катакомбдун ичине бир жак тарабына баш сөөк, ал эми экинчи тарабына дене мүчө сөөктөрдү отун сыяктуу жыйышкан. Азыр ал жерге барып, кирип көргөн туристтердин айрымдары сөөктү эстеликке алып кетишет. Жер төлөнүн босогосу Монпарнас мүрзөсүнүн жанындагы кичинекей үйдүн эшигинин тегерегинде.

Седлец сөөк сактагычы
Адам баласы бул дүйнөгө келгени жашоосун түрлөнтүүнүн жолдорун издейт. Кээ бирөөлөрү аскага чыкканды кызык көрсө, башкалары чиркөөдөн көз жумсам деп тилек кылышат экен. Өзгөчө алардын сөөктөрү чиркөөнү кооздочу интерьерге айланарын кимиси билиптир. Чехия жергесинин Шварценберг деген ханы мүрзөлөрдөгү сөөктөрдү каздырып, чиркөөнү кооздоткон. Скелеттин баш сөөктөрдөн люстра жасап, ал эми бут, кол сөөктөрү болсо тамдагы чырактарды кармагычка айланган. Буга карапайым элдер каршы болгону менен, чиркөөдө иштегендер хандын ушул кылыгын колдошкон.

 

Римдеги өлгөн адамдардын жан-дүйнөлөрү
Эгерде сиз бул жашоо менен аркы дүйнөнүн бар экенине дагы эле ишене элек болсоңуз, анда жаңылышасыз. Италиядагы өзгөчө музей оюңузду толугу менен өзгөртөт. Бул Римдеги “Del Sacro Cuore” музейи. Бул жерде өлгөн адамдардын жан-дүйнөлөрү чогулган. Туристтердин айтканына караганда музейден сүрөткө тартууга мүмкүн эмес. Андагы элестер, же жан дүйнөлөр аракетте болуп, кандайдыр бир энергетика заманбап фотоапаратты да өчүрүп таштайт. Эгер бул музейди көргүңүз келсе, анда чиркөө адамдарына кайрыласыз.

 

Бразилиядагы жыландар аралы
Бул аралды эгер интернеттен, же китеп барактардан көрсөңүз аябай суктанасыз. Өзгөчө пальма, көгүлтүр деңизде эс алгыңыз келет. Ушундай шаар жашоосунан тажагандар, ал жерден бир жума тынчтыкта жашагысы келип, жакшы ойлорго чулганышат. Бирок, бул арал жыландардын аралы. Ар бир квадрат метр жерде 5-6 жылан бар. Ал уулуу жыландар. Чакканда адам, же жаныбар жардам бергичекти эле көз жумат.

Комментарийлер