5 айда чет жактан 258 мигранттын сөөгү келди

Быйыл беш айда Кыргызстанга 258 мигранттын сөөгү алып келинди. Бул тууралуу кечээ, 20-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирди.

Өткөн жылы "Жүк-200" алып келүүгө бюджеттен 45 млн. 270 миң сом жумшалган. Быйыл жыл башынан бери сөөк алып келүүгө 25 млн. сом каражат бөлүнгөн.

ТИМ былтыр өлкөгө 540 сөөк алып келинип, ага бюджеттен 45 миллион сом сарпталганын кабарлаган.

Расмий маалымат боюнча азыр бир миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда иштейт.

Комментарийлер