Уурулукка шектелген жаранды электр мамысына таңып салышты (видео)

Сокулук районуна карштуу Новопавловка айыл аймагынын Ак-Ордо конушунун тургундары ууру деп шек санашкан адамды кармап, электр мамыга таңып салышкан Бул тууралуу социалдык тармакка видео тарады. Ал видеодо жашоочулар бир нече мүлкүн уурдатышканын айтышты. Колго түшкөнүн кишиге чапталып турган кагаз да тастыктайт. Таңып алып шылдыңдап, ызырынып жаткан үндөрдү угууга болот. Ууру аталган адамдын «Чоң-Алайдан келдим» деп жатканын угууга болот.

@shambalatvkgz

Ак-Ордо жаңы конушунда уурулукка шектелген адамды столбага байлап салышты

♬ оригинальный звук - shambalaTV
Комментарийлер