Парламентте депутаттар менен Эдил Байсалов кайым айтышты (видео)

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында миграция маселеси талкууланып жатканда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен айрым депутаттар кайым айтышты. Эл өкүлдөрү Байсаловдун "суроого түз жооп берүүдөн качып, башка маселелер боюнча сүйлөп жатканын" сынга алышты.

Депутат Улан Бакасов Байсаловду мамлекеттик кызматкердин этикасын сактоого чакырып, "Эсиңиз барда этегиңизди жыйыңыз! Бизге болгон мамилеңизди оңдоңуз!" деди. Эдил Байсалов парламенттин жыйыны эки бийлик бутагынын сүйлөшө турчу аянтчасы экенин белгилеп, депутаттар да өкмөткө мамилесин оңдошу керектигин эскертти.

"Кечирим сурайм, балким эмоцияга алдырдым. Бирок Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары катары кайрылам, биз бул жакка суракка келген туткун эмеспиз, силер дагы гестапонун офицери эмессиңер. Баарыбыз жогорку трибунага, Жогорку Кеңешке келдик. Элибизди сыйлап бири-бирибиз менен сылык сүйлөшөлү", - деди.

 

Комментарийлер