Аида САЛЯНОВА: «БИЛИМИ КҮЧТҮҮЛӨР КӨП БОЛСО БИЙЛИК ҮЧҮН, ЖАЛПЫ УЛУТ ҮЧҮН БУЛ ЧОҢ ЖЕҢИШ»

Аида Салянова - бул ысымды укканда көпчүлүгүбүздүн көз алдыбызга тартипти бекем кармаган темир аялдын образы көз алдыбызга тартылат. "Аялды толук бактылуу кыла турган нерсе бул – бала" деген Аида Жеңишбековна менен маектештик. 

– Саламатсызбы Аида Жеңишбековна, маегибизди акыркы жаңылыктарыңыдан баштасак?..
– Арыбаңыздар! Биринчи азыркы убакытта болуп жаткан бир кызыктуу нерседен баштасам. Мен кичинекей кызыма такыр кой-ай дебегенге аракет кылайын деп чечтим. Чынын айтсам, бул өтө татаал экен. Ойлосом мен өзүмдүн үстүмөн чоң иш алып барып жатам. Себеби, балабыз ийгиликтүү болуп өссүн десек бала башынан эркин болушу керек. Мисалы, кичинекей кезимде өз оюмду ээн-эркин айтып, өзүмө тиешелүү чечимдердин көбүн өзүм гана кабыл алчумун. Апамдын кесиби – мугалим. Азыр ойлосом борбордон алыс жашасак да, ал кезде апам жаш болсо дагы мага карата эң прогрессивдүү тарбия ыкмаларын колдонгон экен.

– Кесип тандоодо өзүңүз каалаган багытты көздөй кадам таштадыңызбы же кимдир бирөө жол көрсөттүбү?
– Мектепте 2-класста окуп жаткан кезимде эле юрист болом деп айткам. Анда юрист деген ким экенин жакшы деле түшүнчү эмесмин да. Балким ошол үчүн жүрүм-турумумду дагы ошол кесипке эрте эле ылайыктап баштагам. Анткени, университетте окуп жүргөндө менин дарегиме "прокурордой болуп" деп көп айтышарын угуп калаар элем. Жаңылбаптырмын, анткени юристтен башка кесиптин ээси катары өзүмдү такыр элестете албайм.

 – “Ушактарга көңүл бура берсең ооруп каласың” дейт. Сиздин дарекке айтылган сын сөздөргө маани бересизби?
– Угуп гана коём. Ушакка маани берип  отурсаң маанилүү нерсеге убакыт калбай калат. Болгону ушакты уккан адамдар чындык менен калпты талдай алышса деген эле үмүт. Бир күнү иним айтат: "Шариатта аркы дүйнөгө барганда ушак тараткан адамдар кезекке туруп өзүлөрү топтогон сооптордун бардыгын Сизге өткөрүп берет" дейт. Анда "Аа, жакшы турбайбы" дептирмин  мен.

– Аялдык бакыт деп эмнени түшүнөсүз?
– Кепкенедей болуп туруп кызың "апа, бүгүн Сиз үчүн күн кандай өттү?" деп сураган ирмемден өткөн бакыт барбы? Аялды толук бактылуу кыла турган нерсе бул – бала. Ар бир аялзатына тилегим ушундай.

– Акыркы жылдары саясаттагы кайсы окуялар сизди таасирлентти?
– Окуяларга абдан динамикалуу заманда бир нерсеге таасирлениш деле кыйын. Анын үстүнө дароо эстей албагандан кийин демек, андай таасирлүү деле эч нерсе болгон эмес... Бирок бир нерсени айтып берейинчи. Жакында мен кызыма бир жомок окуп бердим. Князьга үстөмдүк кыла алат деп кичинекей кыз феядан жардам сурап барат. Анда фея "сен дагы фея бол, сыртта таасирлүү күч канчалык көбөйсө, хандын таасирдүүлүгү ошончолук азаят" дейт. 

Мындай нерсе балдар үчүн жомокто айтылып жатат. Элестетип көргүлө! Бул демократиялык мамлекеттин түзүлүшүнүн эрежеси. Жалпак тил менен балдарга ушуга окшогон баалуулуктарды үйрөтсөк биз туура жолго түшкөн болобуз деп ойлойм. Билими күчтүүлөр көп болсо бийлик үчүн, жалпы улут үчүн бул чоң жеңиш.

– Сизди аткаруу бийлигинен көргүсү келгендер бар. Өкмөттө иштөө сунуштары болдубу?
– Сунуш болгон жок. Күткөн дагы жокмун. Мен азыр өзүм түзгөн долбоор менен алекмин. Келечекте жаңыча ой-жүгүрткөн, ак ниеттүү, өзүнө-өзү бекем ишенген адамдар мамлекетке кызмат кылышы керек деген парадигмага басым жасап окуу процесстерин негиздеп жатабыз.

– Маегиңизге рахмат!

 

Комментарийлер

Мирлан
Аида Салянова билимдүү киши да, бийликте жогу гана өкүндүрөт да
Талип Токтогул тегин.
Сиз менен биз сыймыктанабыз, бар болунуз, аман жүрүнүз, абасы кымыз жыттанган Нарыным.
Сагынбай.
А.Салянова өткүр, ишенчээк айым. Ошонун кесепети тийип, үй-бүлөлүк оор тагдырга туш болду. Мемлекетке керектүү инсан. Анын денсоолукта болушун каалайм!!!
Мирулан
Аида эже Сизге ден-соолук, ишинизге ийгилик!
Нургул
Билиминиз да интеллектиниз да ото жогору адамсыз.Берген мегинизден коп тарбия алсак болот.Азаматсыз. Кыргыздын сыймыгы болуп журо бериниз. Сизге ийгилик жана ден соолук каалайм
Чолпон
Жакшы ой-тилектериниз,максатыңыз ишке ашсын.Ден-соолугунуз бекем болуп,балдарыңыздын жыргалын көрүңүз.Ийгилик каалайм