Дүйнөдөгү адамдын эң узун ысымы 1478 тамганы түзөт. Аны окуш үчүн он мүнөттөн кем эмес убакыт керек. Ал эми кызыктуу ысым үчүн он орун берилген алар төмөнкүлөр:
10-орун
Атактуу сүрөтчү Пабло Пикассо баарыбызга таанымал. Бирок анын толук аты-фамилиясын баарыбыз эле биле бербейбиз. Пабло Диего Хозе Франциско де Пауло Хуан Непомусено Мария де лос Ремедиос Криспин Криспьяно де ла Сантисима Тринидад Руиз и Пикассо. Анын толук аты-жөнү 93 тамганы түзөт. Пикассо өзү испан а Испанияда мындай узун ысым таң калаарлык эмес.
9-орун
Гавай аралындагы Гонолулу шаарындагы мектептердин бирине жергиликтүү ресторандын башчысынын эң кичүү кызы кирген. Анын аты жана фамилиясы 102 тамганы түзгөн. Ал: Напу-Амо-Хала-Она-Она-Анека-Вехи-Вехи-Она-Хивеа-Нена-Вава-Кехо-Онка-Кахе-Хеа-Леке-Еа-Она-Ней-Нана-Ниа-Кеко-Оа-Ван-Ика-Ванао. Аны мындай узун аты менен класстык журналга батыра алышкан эмес. Кыргыз тилинде бул ысым “Көптөгөн татынакай гүлдөр тоолорду жана өрөөндөрдү Гавайдын узун-туурасын өзүнүн жакшылыгы менен толтуруп турат” дегенди билдирет.
8-орун
1979-жылы АКШнын Монтана штатында төрөлгөн Мисс “С”. Эллен Джорджиане Сер-Леккен. С тамгасы анын 598 тамганы түзгөн ысымынын биринчи тамгасы. Аны жакындары Сноуоул же жөн эле Оли деп аташат. Ал эми ал жердеги эл каттоочулар “О кудай! Дагы ошобу!”-деп чочушат экен.
7-орун
Лориэрик - “Ленин Октябрская Революция. Индустриализация Электорфикация, Радиофикация и Коммунизм”.
Урюрвакос - “Ура Юра в Космосе!”
Кукуцополь - (“Кукуруза-царица полей)
Лагшмивара - (Лагерь Шмидта в Арктике”)
6-орун
Принцесса Диана жана ыйык Гамлет деген наристелер 1998-жылы Харьков шаарында жарык дүйнөгө келишкен.
5-орун
“Саламатпы эки киллограмм күрүч!” “Салам күмүш доллар!” деген сыяктуу сөздөр менен бири-бирине жолукканда Кандхмал районунун жана Индиялык Оррис штатынын жашоочулары саламдашышат. Индиянын бул бурчунда тун баласына эң башкача ысымды ыйгарышат. Наристенин ата-энеси өздөрүнө керек болгон атты коюшат. Эки киллограмм күрүч-бул мамлекеттин эң мыкты белеги. Так ушул көлөмдөгү күрүчтү бийликтин чечими менен ар бир төрөлгөн баласына беришет.
4-орун
Кандхмаланын бир айылында “Мен картошканы жакшы көрөм” аттуу жигит жашайт.
3-орун
Психолог Джон Треин кээ бир америкалыктар азап тартып жүргөн оор ылайыксыз ысымдар жөнүндөгү китепти даярдаган. Мисалы Жаңы Орлеанда жашаган Майдын үй-бүлөсү өздөрүнүн кыздарына Му,Ву,Гу аттуу ысымдарды ыйгарган.
2-орун
А Чикаго шаарында жашаган Джексондордун үй-бүлөсү өздөрүнүн беш баласын төмөнкүдөй аташкан: Менингит, Ларингит, Аппендицит, Перитонит, Тонзиллит.
1-орун
Бир аз убакыт мурун Францияда жөнөкөй эле фамилиядагы үй-бүлө жашаган. Алар фамилиясы менен кошо 1792 санын ала жүрүшкөн. Ал эми бул үй-бүлөнүн төрт уулу жылдын ай аттарында болгон. Алар паспортунда жана башка документтеринде: Январь 1792, Февраль 1792, Март 1792 жана Апрель 1792 деп жазылган. Мындай таң калаарлык ысымдын алып жүргөндөрдүн акыркы өкүлү “Господин Март 1792” 1904-жылы сентябрь айында каза болгон.