Асел Каракойчиева, элдик дарыгер: “Ооруларды интернет аркылуу онлайн дарылайм. Орусия, Корея, Америкадан чалышат”

 

Элдик дарыгер Асель Каракойчиева төмөнкү ооруларды дарылайт:

✅ Простатит;
✅ Грыжа;
✅ Бала эмдейт;
✅ Жүрөк көтөрөт;
✅ Төрөй албай жүргөн кыз-келиндерге жардам берет;
✅ Сотрясение, баш ооруларын аары менен дарылайт;
✅ Ооруну интернет аркылуу көрүп, диагноз коёт.

Байланыш телефондору: 0702 80 36 52, 0773 80 36 52

- Саламатсызбы Асель эже, кандай ооруларды дарылайсыз?

- Мага келген кишини эшиктен кирип келе жатканда эле эмне көйгөй менен келе жатканын билем. Тамыр кармап диагноз коём. Жүрөгү түшкөн жаш балдарды эмдеп, төрөй албай жүргөн кыз-келиндерге жардам берем. Мындан сырткары, грыжа, простатит жана баш ооруларын аарыга чактырып дарылайм. Чоң киши коркпойт дей беришет. Чындыгында чоң киши деле коркот, жүрөгү түшөт, аны көтөрөм. Ооруларды интернет аркылуу онлайн дарылайм. Орусия, Корея, Америкадан чалышат. Иш ордумда отуруп эле алардын жолун ачып тазалайм. Телефон аркылуу “мындай кыл, тигиндей кыл, деп этап-этабы менен көрсөтүп жүрөк көтөрөм. Муну Жараткандын мага берген касиети деп билем. Бир ирет Москва шаарынан бир бала түшүмө кирдиңиз деп чалат. “Эже, сизди түшүмдө көрдүм. Өңүмдөгүдөй жаныма келип, ата-бабаларымдын аттарын айттыңыз.   Кээ бирин мен дагы билчү эмесмин. Эртеси апамдан сурасам бардыгы туура болуп чыкты” дейт. Сен таш ачып жүргөн бала турбайсыңбы десем “ооба” дейт. Жакында Москвадан келсе мага келип жолугуп кетем деп сөз берип калды.

- Төлгө деп калбадыңызбы, бул сизге кимден өткөн?

- Кичинемде лунатик болчумун. Түндө эшикке чыгып кете бергендиктен ыраматылык чоң апам бутумду жип менен байлап анан жаткырчу. Кичинекей кезимде эле бир нерселерди алдын ала айта берчүмүн. 10-классты бүткөн жылы аян келди. Узун жолдо аркамдан адамдар кубалап келе жатыптыр. Астымдагы эки айрылыш жолдон аксакал киши чыгып “кызым, оңго бурулуп чурка, сенин жолуң ушул жакта” деди. Ошону менен касиетти моюнума алдым. Кийин турмушка чыктым. 3 балалуу болгондон кийин бутум баспай калды. Ал кезде молдо деген аз болчу. Балыкчы шаарындагы Семетей деген молдого алып барышты. “Касиетиң бар экен, эл көрүшүң керек” деди. Ага көп ишене бербей айылыбыздагы бир апага бара баштадым. Ал эмдеп-домдоп жатып бир жумада бутума тургузду. Ошентип 40 жашымда эл көрө баштадым. 2000-жылы “Беший” курортологиялык борборунда иштеп калдым. Ал жерден аары менен дарылаганды массаж жасоонун түрлөрүн үйрөндүм.

- Аары менен дарылоодо кандай ооруларга жакшы жардамы тиет?

- Полиартрит, артрит, бронхит, простатит, кан басым, грыжа, баш ооруларын сакайта алам. Грыжаны көп айыктырдым.

- Кандай оорулар менен көп кайрылышат?

- Жогоруда айткан оорулар менен көп келет. Алардан сыркары, муун оорулары, жүрөгүн көтөрүп бер деп келишет. Жолун таппай жүргөндөр бар. Мисалы кеээ бири аркамдан бирөө ээрчип жүрөт же коркуп жатам дешет.  Мындай нерселерди убагында дарылабаса бара-бара психикалык ооруга айланып кетиши мүмкүн. Бул жүрөктүн тамырларын ичкертет. Жүрөк түшкөндө көкүрөктүн асты тартылып ичке кирип, кээ бири бүкүрөйүп калат. Одышка берип дем ала албай калат. Жакында эле Ат-Башыдан бир кыз келди. Жүрөгү түшкөндөн көкүрөгү аябаф кирип кетиптир. 1500 долларга операция жасатам деп жүрүптүр. Үч күн эмдедим. Азыр “Фрунзе” супермаркетинде администратор болуп иштеп жатат. 

- Аруу, кирне киргенде кан тамырга тромб туруп калат дейт...

- Кан коюлуп кеткенде тромб пайда болот. Ал бара-бара инфарк, инсультка чейин алып барат. Ар бир оорунун өзүнүн точкалары болот. Аарыга ошол жерлерди чактырабыз. Кол, буттар карышып калганда дагы аарыга чактырса сен көр, мен көр жок болот?

- Аарыларды кайдан аласыз?

- Кадимки бал челектеги эле аарылар. Дайыма иштешип жүргөн балчыбыз бар. Ошондон сатып алып турабыз.  Жылдын бардык мезгилинде дарылайбыз.

- Аалам сырлары долбоорунун катышуучусу экениңизди көпчүлүк билет. Долбоорго чейин жана андан кийин Асел Каракойчиеванын айырмасы кандай болду?

- Асман менен жердей. Чындыгында ал убакта аябай күчтүү болчубуз. Адам баласы жашы өткөн сайын тартыла баштайт экен. “Көздөн таш жаралат” деген кеп бекер айтылбаптыр. Канчалык ак, так иштесең Жараткандын көзү түз болот. Бул кара дуба жасаба, бирөөнүн башын айлантпа деген сөз.

- Кимдир бирөө тууралуу маалыматты кайдан аласыз?

- Анын түрлөрү болот. Кээ бирөөнүн көзүнө көрүнөт. Кээ бири үн аркылуу алат, кай биринин түшүнө аян болуп кирсе, башкасы сезиминде туят. Мисалы, менин иним бар, кулагына бардыгын айтып турат. Жада калса түшө турган автобусуна чейин айтып турат экен. Телефон, интернет жок кезде бири-бирибизди дуба менен чакырып алчубуз. “Жараткан Аллахым, Муратты мага алып келиңизчи” деп дуба кылчумун. 15 мүнөткө жетпей келип калчу. Дагы бир иним молдо. Дем салып, жин чыгарат. Жаныма бирөө келип отурса кайсыл жери ооруп жатканын ички туюмумда сезип, билип турам.

Бир ирет 2 аял келди. Күйөө баласын аялын өлтүрүп койду деп түрмөгө каматып коюптур. Экөөнүн 4 баласы менен бар экен. Аялына илээшкек жабышып кыйнап жүрүптүр. “Мени молдого алып баргылачы, жаман болуп жатам” деп айткан экен. Алып барбай коюшканда 2 ирет өзүнө кол салып муунуп, 3 жолкусунда каза болуптур. Сүрөтүн берип көрүп берчи дешти. “Муунуп өлгөн турбайбы, молдого алып баргыла, өлгүм келип жатат” деп силерге айтыптыр го  дедим. Жаштар эмне үчүн муунуп, бийик жерден секирип жанын кыйып жатат? “Аркамда бирөө жүрөт, өл деп жатат” десе демек анда илээшкек бар. Мындайларды дароо молдого алып барып окутуш керек. Жүрөгү түшкөн балдарга маани бербей жүрө беребиз. Анан ал күчөп кеткенде эс учун жоготуп жыгыла баштайт да талма оорусуна кабылат.

Илгери молдолор анда-санда эле болчу. Төрөбөгөн аялдарды төрөткөн бүбү апалар деген болгон. Азыр бизде андайларды жактыра беришпейт. Качан гана жанын кыйнап баштаганда биринен бири угуп алып анан келишет.

-  Талма оорусу тууралуу айтсаңыз. Жаныбарга көчүрүп койсо болот дейт?

- Ооба, тоокко, койго көчүрүп койсо болот. Ыйлаак балдардын эмгеги ылдый кирип турат. Негизи кичинекей балдарды кирнелеп туруш керек.

- Маегиңизге рахмат!

 

 

Комментарийлер