Албарстылар мекендеген жер

Албарсты десе эле уктап жатканда баскан басырыкты элестетебиз. Кєбїбїбїздїн шайыбыз ооп, дарманыбыз бошоп кыймылдоого чамабыз келбей калат. Кыйкырганга, жардам сураганга да алыбыз келбегенине тїшїнє бербейбиз. Анан ошондой кыйноо учурунда эстебеген Кудайды эстеп, келмебиз оозубузга келип, далайга чейин адамзатынан башка деле жандыктар жер їстїндє мекендээрин билген киши болуп, анан ошол тїнкї кыйноону унутуп калгандан кийин эч нерседен капарсыз жашоо улап жїргєнїбїз жалган эмес.

Айтайын дегеним, айрым учурларда бир эле адамга эмес, бїтїндєй эл оозунда аўызга айланып кеткен окуялар кездешет. Мындай окуяларды кээде кызыгып уксак, кээде кулак сыртынан кетирип жїргєн учурлар болот. Бул окуя кєп жыл мурда болгон. Жергиликтїї эл айтып эле жїрчї, кєзїў менен кєрїп, колуў менен кармап албагандан кийин бир ишенип, бир ишенбей жїргєм. Айтылуу Соў-Кєл жайлоосунун Тайгантуу деген коктусуна конуп, жайланышып калдык. Малга оттуу жайлоодо ал жылы биринчи жолу малды чыгарганбыз.

Койлор жуушап, ысыган кїнгє магдырай, итимди айдактап коюп кємкєрємдєн тїшїп жаткам. Жанымдагы жолдошум экєєбїз эч нерседен бейкапар сайраган чымчыктын їнїнє маашыр боло, тынчтыкка кулагыбызды тєшєп сїйлєшпєй жата бердик. Бир убакта тамеки чекмекке ордумдан турдум. Уктаган эмесмин, бирок кєзїмє кєрїнгєн нерсе шаштымды алып койду. Уктап жатсам тїшїм го деп ойломокмун. Койдун їстїндє сапсары кыз олтурат. Мурда кийин бул чєлкємдє кєрїнбєгєн бир кызыктай адам тїспєлїндєгї жандыкты кєрїп, жїрєгїм оозума тыгылды. Жанымдагы досумду тїрткїлєдїм. Ал эмне болду деп тура калып, мен кєргєн нерсени ал да кєрїп бакырып жиберди. Мен да токтоолук кылыптырмын. Бир убакта баягы кызга окшогон кєрїнїш бизди шылдыўдагансып, бир кызыктай кїлїп, койлорду аралап секирип-секирип чуркап кетти. Экєєбїздїн оозубуздан Аллабыз тїшїп бири-бирибизди тиктешип далайга чейин отурдук.

Кийин ал жерге мал жайганда жаныбызга куран китебин салып жїрчї болдук. Мурдагыдай кєзїбїзгє кєрїнє калбаса да, далыбыздан карап тургандай  бир кызык болуп жїргєнїм эсимде калыптыр.

Ошол окуядан кийин жер їстїндє биз жалгыз эмес экендигибизге бекем ишенип калгам. Азыр ар дайым арбактарга куран тїшїрїп, туура эмес жерлерден єтпєгєнгє аракет кылам. Ал эми жайлоого же ээн талаага жумуштар менен чыга турган болсом ар дайым келмемди келтирип жїрєм. Бирок, мурдагыдай коркпой калдым.

Жаныбек. Нарын облусу

Комментарийлер