Орунжан Шабдан кызы: “Реанимацияда жаткан жаш балдарды караган учурлар болот”

- Саламатсызбы Орундан апа, кеп башында өзүңүз тууралуу кыскача айтып берсеңиз?

- Аты-жөнүм - Шабдан кызы Орунжан. 1985-жылдан баштап эл көрүп келе жатам. Бул жолго келишиме таятамдын чоң салымы бар. Себеби, ал 5 маал намазын үзбөй окуган, элден жардамын аябаган киши болгон. Ал кезде Өзбекстанга жакын жайгашкан Аксы районундагы Кербен айылында жашачубуз. Таятам Наманган шаарына ар жума сайын жума намазга барчу. Ал жерден касида китептерди алып келип мага окута берчү. Ал китептер аркылуу көп нерсени үйрөнүп, бара-бара ушул жолго түштүм.

- Кандай ооруларды дарылайсыз?

- Көбүнчө багы ачылбай жүргөн, кара дуба окулган же терс энергияга курчалган улан-кыздарыбыз келет. Кыргызда ала кауу деген салт бар эмеспи. Азыр дагы күбө болуп калабыз. Кыз жакпаган жерине отурбай кетип калат да. Аларга нааразы болгондор туура эмес сөздөрдү айтып коюшат. Ошол бара-бара каргышка айланып кетет дагы, багы ачылбай жүрө берет. Мына, ушундай абалды башынан өткөргөн кыздардын каргышын жандырып жардам берем. Мындан сырткары, жаш үй-бүлөлөрдө түшүнбөстүктөр көп болот. Андайларга кечиримдүү бол деп эзитки дуба жазып берип ынтымакка чакырам.

Төшөккө сийип койгон баш балдарды дарылайм. Кээ бири суук тийип, кээ биринин илээшкери (албарсты) болгондуктан табарсыгын кармай албай калат. Суук тийген болсо заара кылары менен ойгонуп кетет. Ал эми илешкээри барлар заарасы кургап калганча уктай берет. Мына, так ушул илээшкери бар жаш балдарга жардам бере алам.

Астма оорусун дарылайм. Себеби мен жаш кезинде астма илдети менен ооруп, өзүмдү өзүм дарылап айыгып чыккам.

Төрөй албаган кыз-келиндерге жана баш оорулары, көзүнө коночок конгондорду дагы сакайтам. Конорчок деген- көзү кызарып, кычышат. Баш оорусу менен жабыркагандарга казан очок жасап дарылайм. Жүрөгү түшкөн 9 жашка чейинки балдарды жаш нан менен, андан чоңдорун коргошун куюп айыктырам.

Эң негизгиси, жан дүйнө ооруларын дарылайм. Мисалы кулак менен уккан жаман сөз, көз менен көргөн жаман нерсе, айтылган жаман сөз адамдын жашоосун өзгөртүп, кыйноого салат. Мындан сырткары, аруу, кирне киргенде, көз тийгенде мага кайрылса болот.

- Жан дүйнө деген эмне?

- Ар бир адамдын аурасы болот. Аура – көзгө көрүнбөгөн нерсе. А жан дүйнө деген ауранын жабырлануусу. Мисалы, эртең менен бирөөдөн жаман сөз уксаң кечке чейин маанайың жок жүрөсүң. Жакшылыктын жарчысы болуп, замандаштарымды оорудан сакайтсам экен  деген максат менен эл көрүп жатам. Алла Тааланы канчалык улуктасаң ал сага ошончолук жардам берет экен. Бир окуяны айтып берейин, бир ирет апасы уул-келини менен келди.  “Бал менин жалгыз уулум, 3 жылдан бери балалуу боло албай жүрөт. Барбаган жерибиз калган жок. Эми сага келдик, карап көрчү, төрөбөгүдөй болсо ажыраштырып, башка аял алып берейин” деп калды. моюнумда чоң милдет турганын сездиим. Төрөбөйт десем бир үй-бүлө бузуганы турат.  Айтып оозун жыйганча эмнегедир колума дептерди алып, арабча дуба жазып кирдим. Чынын айтсам ал дубаны билчү эмесмин. “3 ай ажыраштырбай туруңуз, боюнда болбосо билгениңизди кылыңыз” деп жазган дубамды тумарча кылып сол билегине тагып бердим. Сага калп, мага чын келини эки жарым айда боюмда болду деп ыйлагысы келип келди. Мунун Кудайдын берген жардамы деп ойлоп калдым. Ар бир ооруну көрүп жатканда аң-сезимиме ушундай кыл дегенсип ой келе калат. Эгерде Аллахтан чын дилиңден бир нерсе сурасаң ал сөзсүз берет. Жакында эле оорулар, аларды кантип дарылоо керектиги тууралуу “Жан дүйнөң сенин колуңда” деген китеп жаздым. Китебимден дагы көп маалыматтарды алсаңар болот.

- Жогоруда айтып жаткан маалыматтар сизге кайдан келет?

- Көзүмө көрүнөт деп айта албайм. Көзү ачык эмесмин. Дагы бир окуя айтып берейин. Анда жаш болчумун. Эки аял келип бир киши тууралуу сурап калышты. Кайсыл жери оорут экен, ошону айтсаң биз сага ишенебиз деп калышты. Эми эмнени айтам дегиче болбой көз алдыма жүрөк туруп калды. Кадимкидей согуп жатат. Байкасам тигилер көргөн жок. Ойлонбой туруп жүрөгү ооруйт экен десем таң калып отуруп калышты.

- Талма оорусун дарылай аласызбы?

- Талма оорусунун көп түрү бар. Мисалы, төрөт учурунда тамыры кысылып калган учурда, генинде бар болсо же кара дуба, каргыш өтүшүп кеткен учурда. Мага кайрылгандардын кара дубасын жандырып, каргышын алып сала алам.

 

Комментарийлер