Перманенттик макияж деген эмне?

Перманенттик макияж деген термин бардык аялзатына тааныш. Ар бир аял сулуу болуп, идеалдуу көрүнгүсү келери талашсыз. Күндөн-күнгө күзгүнүн алдында боёнуп отуруунун да зарылчылыгы азайып бара жатат. Анткени, техниканын жардамы менен бир жылга чейин сакталып туруучу макияж жасап алууга болот. Бул тууралуу Айкерим Нурдинова айтып берет.

 ПЕРМАНЕНТТИК МАКИЯЖ ДЕГЕН ЭМНЕ?
– Көпчүлүк перманенттик макияжды татуаж менен алмаштырып жүрүшөт. Татуаж жасоодо химиялык боёктор колдонулуп, алар териге 1-1,5 миллиметр тереңдикте чегилип боёлот. Ал эми органикалык боёкторду териге 0,3-0,8 миллиметр тереңдикте чегип боёо процедурасы перманенттик макияж деп аталат. Бул процедура кашка, эринге жана сурмага карандаш сыяктуу учтуу нерсе же лазердик аппарат менен чегилип жасалат. Организмдин зат алмашуу процессине, теринин өзгөчөлүктөрүнө, кам көрүүгө карата боёк териде 1,5-3 жылга чейин сакталат.

 көп убакытка чейин сакталып турат
– Аялзаты сулуулук үчүн жаралган, сулуу болуп жүрүшү керек. Ал үчүн күнүгө күзгүнүн алдында бир, эки саат отуруу зарыл. Ал эми перманенттик макияж убакытты үнөмдөйт. Анткени, ал көп убакытка чейин сакталып турат. Жуугандан кийин да өчпөйт, формасын кошо сактайт. Күн сайын каш, ооз боёо деген көйгөйлөр болбойт.

Бизде көчөгө чыкканда гана боёнуп чыгуу деген түшүнүк бар эмеспи. Ал эми декреттик өргүүдө отурган аялдар кечке бала менен үйдө отуруп боёнууну да унутуп коюшат. Перманенттик макияж дайыма сулуу болуп, бир формада жүргүсү келген айымдар үчүн. 

татуаждан айырмасы
– Татуаж жасоодо боёкту атайын аппараттын жардамы менен териге 0,7 миллиметрге чейин киргизебиз. Мындай учурда татуаж жасалган жер канап, оорутуп кыйнайт. Татуаж менен перманенттик макияждын айырмасы перманенттик макияжда боёкту териге 0,2-0,3 миллиметрге чейин киргизилет жана канабайт. Татуаж 7-8 жылга чейин өчпөй, аны атайын лазердин жардамы менен гана өчүрүүгө болот. Андан сырткары ордунда тырык калып калат. Азыркы мен сөз кылып жаткан ажарлоодо мындай ыңгайсыздыктар жок. Боёк акырындык менен өзү өчөт.

 «Көрө-көрө көсөм, сүйлөй-сүйлөй чечен болосуң»
– 2017-жылы Москва шаарына барып атайын перманенттик макияждын курстарын окудум. Алгачкы эмгек жолум Москвада  башталды. Салондордун бирине жумушка орношуп каш, кирпик жасап баштадым. "Көрө-көрө көсөм, сүйлөй-сүйлөй чечен болосуң" деген кеп бар эмеспи. Анын сыңары бир дагы мүнөтүмдү текке кетирбей билбеген нерселеримди үйрөнүп  жаттым. Ошентип көз ачып-жумганча эле Орусяда 3 жыл иштеп койдум. Чогулткан акчама перманенттик макияж жасоого керектүү шаймандарды, материалдарды сатып алып киндик каным тамган мекениме келдим. Учурда өзүмдүн сулуулук салонумду ачып иштетип жатам. Кудайга шүгүр, ишимди баштаганда эле кардарлар келип баштады.

 кантип жасалат?  
– Адамдын жүзүн, көзүн бир эле каш менен өзгөртүп коюу толук мүмкүн. Себеби, каш адамдын жүзүндө маанилүү роль ойнойт. Арык же толук көрүнгүсү келгендер да кашынан башташат. Ар бир адамга ар түрдүү формадагы каш чийилет. Перманенттик макиаж кантип жасалат? Мен сиздерге башынан аягына чейин айтып берүүгө аракет кылайын. Алгач келген кардарга кашынын формасын өзгөртүү максатын сурап, ошого жараша кеңешимди берем. Андан кийин ооруну сездирбөөчү май сүйкөп, каштын формасын кардар каалагандай жана бетинин формасына дал келе тургандай кылып чийип алгандан кийин, перманенттик аппараттын жардамы менен кашка боёкту бере баштайм. Боёктун кашка сиңиши да адамдын организминен көз каранды. Жаш кыздардын териси тез калыбына келет да боёкту бат сиңирип алат. Ал эми жашы жогорулап калган эжелерде бир аз кечирээк болот. Ар бир кардарыбыз менен телефон аркылуу тынбай байланышып сурап турам. Бул биз үчүн өтө маанилүү. 

Байнашын телефону: +996 707 49 37 05

Комментарийлер

Айгүл
😀
Окшош макалалар