Адилбек Муратов: «КҮЧАЛА – ТАБИГЫЙ «ВИАГРА»

Учурда өлкөбүздө простатит, тукумсуздук илдетинин көйгөйүн азабын тартып келе жаткан адамдар миңдеп саналат. Ата-бабаларыбыз кылымдар бою мындай илдеттерди чөп дарылар менен дарылап келгени баарыбызга маалым. Чөптөрдөн жасалган дарылар жогоруда аталгандардан сырткары айыз циклди, гормондорду калыбына келтирүүгө, сезгенүүнү жеңүүгө жана репродуктивдик системаны активдештирүүгө жардам берет. Дарттарды чөп дарылар менен дарылап келе жаткан элдик дарыгер Адилбек Муратов менен баарлаштык.

– Кеп башында күчала деген кандай чөп, кайда өсөт, кантип жасалат. Кыскача маалымат берип өтсөң?

– Күчаланы илгери ата-бабаларыбыз кымызга, сүткө кошуп ичишкен. Анын адам организмине тийгизген пайдасы чоң. Күчала ашказандагы жараны, ичеги ооруларын айыктырат. Арыктаган адамдар ичсе семиртип, күч-кубат берет, табитти ачат. Кургак учукту да сакайтууга жардам берет. Эркектердин жыныстык органына суук тийгенде простатит ооруларын айыктырат. Мырзалардын бел кубатын күчтөндүрүп, импотенциянын алдын алат. Аялдардын жыныстык органындагы эрозия, миоманы сакайтып, кисталарды да жок кылууга шарт түзөт. Спорт менен машыккандарга күч-кубат болот, протеин же допинг деп айтса да болот. Күчаланы дарыгерлер “табигый виагра” деп да айтып келет.

– Ичүү тартиби кандай?

– Топчу сымал күчаланы кырып, буудайдын көлөмүндө кайнаган сууга кошуп, күн сайын эртең менен ач карын ичет. Эскертүү: Күчаланы өз өлчөмдө гана колдонуу керек, дозасынан ашыкча ичсе, тарамыш тырышып калышы мүмкүн.

– Кандай түрлөрү болот?

– Биз күчаланы негизинен биздин тоолордон терип келип жасайбыз. Кээде кытайдан алдырып келген учурлар болуп калат. Бизде Жалал-Абадда, Ош, Баткен облустарында капчыгайлардагы жыш токойлуу жерлерде өсөт. Жердин шартына жараша шагылдуу жерде өскөндөрү майда, ал эми кара топурактуу жерлерде өскөндөрү чоңураак болот.

– Күчала дарысы кандай кошулмалар менен жасалат? Кандай дарылык касиеттери бар?

– Күчаланун курамындагы чөптөрдүн дээрлик бардыгын өзүбүз тоолордон терип келип кошобуз. Мисалы, женшень,  аркар оту сыяктуу дары чөптөр. Мындан сырткары Алтайдан келген чөптөр дагы кошулат. 

Ак кодол, алтын тамыр, теке жалак, марал тамыр чөптөрү Ак-Сай, Арпа, көлдүн Сырт жайлоолорунан терилет.

Кошулманы бардык эрежелерди, нормаларды сактоо менен даярдап, колдонууга даяр кылып сатам. Жасалгандан кийин күндүн нуру тийбеген, көлөкө жерде 1 жылга чейин сакталат. Бул дары канчалык көпкө сакталса, ошончолук күчүнө кирет.

Ичтеги жараны, ичеги ооруларын айыктырат. Ошондой эле, эгерде адам арык болсо, бул кошулманын жардамы менен салмак кошот. Муну спорт менен машыккандар да көп колдонушат. Кыргызстандагы чыгаан спортчулар алып, колдонуп жүрүшөт. Бирок, алар аттарын элге ачык айтпоону суранышат. Кошулма спортчуларга ал, күч да берет, бирок анализде кызытманы көрсөтпөйт. Ошондуктан, күчаланы “Кыргыз допинги” деп да айтсак болот.

– Эркектин дараметин арттыраары да айтылат, дарынын эркектерге таасири кандай, зыяны жокпу?

– Күчаланы кыргыз “Виаграсы” деп айтсак болот. Кошулмага эч кандай химиялык заттар кошулбайт, жалаң чөп жана бал менен жасалат. Бул эркектик жактан эле эмес, адамдын бүтүндөй муундарына пайдалуу. Зыяны – эгерде жасаганды билбеген адам туура эмес жолдор менен даярдаса, анда дарынын зыяны катуу тийиши мүмкүн. Андайда адамдын ичиндеги тарамыштарын катырып салат.

– Күчаланын башка дарылардан артыкчылыгы эмнеде?

– Башка медициналык дары-дармектерге караганда Күчала табигый дары болуп эсептелет. Ал байыртадан эле күч бере турган касиети менен өзгөчөлөнүп келген. Химиялык кошулмалар аралаштырылып жасалган  дарылар убактылуу эле таасир бере алат. Кийин анын таасири тараганда дарысыз тура албай калышат. Күчала болсо акырындап таасирин тийгизет жана анын ден-соолукка тескери натыйжасы жок, таасири көпкө сакталат.

Күчаланын таасири башка химиялык дарылардай бат тийип, кайра бат эле таркап кетпейт. Мунун күчү убактылуу эмес. Кошулманы ичкенден бир жума, он күндөн кийин таасирин бере баштайт. Бел кубатты арттыруучу химиялык дарылардын таасири бат болгону менен, башка организмдерге, ден-соолукка оңбогондой зыяны тиет эмеспи. Мисалы, “Виагра” эркекке бат таасир бергени менен, убакыт өткөндөн кийин зыяны тийип, эркектин мүчөсү жарабай, импотенцияга кабылып калышы толук мүмкүн. Күчаланын эч кандай зыяны жок, эркектин дараметин арттыргандан тышкары, көптөгөн дарттарга шыпаасы бар. Кошулманы дайыма колдонуп жүрө берсе болот, бул табигый чөптөрдөн гана жасалган продукт.

Күчала бардык эрежелерди, нормаларды кылдат сактоо менен жасалган. Кошулманы эки маал – эртең менен жана кечинде бир аш кашыктан ичет.

– Дарыны кандай жолдор менен сатасың?

– Күчала аптекаларда, базарларда сатылбайт. Бири-биринен угуп эле сурап келе беришет. Кийинки кездерде интернеттин мүмкүнчүлүгүн колдонуудабыз. Интернетке жарыя беребиз, кардарлар өздөрү кайрылышат. Бизге интернет аркылуу саткан абдан ыңгайлуу, бат сатылат. Кайрылгандар абдан көп.

 

Табигый чөп дарыларды сатып алууну каалагандар 0708 049 346 номерине байланышсаңар болот:

дартка даба боло турган чөптөн жасалган дарылардын бардык түрү, карышкырдын чүкөсү, тиши бар.

Комментарийлер

Арстанбек
0509595953
Арстанбек
Кучала алабыз
Айым
канча сомдон алат элек Ат башыдабыз 0702506840
Айым
баасы канча кантип алабыз эркек кишиге 0702506840
Адилбек табып
Кучала ала тургандар 0708049346 номерине чалгыла. Дары чоптордун 100дон ашык туру менен дарылайм.
Адилбек
Ат башыда воскресенье кундору болобуз Кочкордо субота куну Калган кундору бишкектебиз. Башка областтарга таксиден салабыз
Окшош макалалар